Курс НБ на 22.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектеби бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөөрүн жарыялайт

Вакансия
01 - Март 2019
www.erkintoo.kg
514
Кызматтын аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу
Бош кызмат ордунун саны - 10 штаттык бирдик
Бардык окутуучуларга жалпы квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билимдин деўгээли:
-   жогорку юридикалык билими;
-   юриспруденция багытында илимий даражасынын же сотторду жана сот тутумунун кызматкерлерин окутуу үчүн уюштурулган тренерлер үчүн тренингге/тренингдерге катышкандыгын тастыктаган сертификатынын болушу артыкчылыгы болуп саналат.
2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
-   үч жылдан кем эмес окутуучулук иш тажрыйбасы, анын ичинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинде;
-   окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды, тесттик суроолорду жана тапшырмаларды жазуу тажрыйбасы.
Төмөнкүлөрдүн болушу артыкчылыгы болуп саналат:
-   судьялык иш стажы;
-   окуу материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөрүү тажрыйбасы;
-   окуу куралдарын жана модулдарын, методикалык материалдарды, тесттин суроолорун иштеп чыгуу жана расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу тажрыйбасы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-   жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
-   сот системасын билүү;
-   кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
-   чет тилдерди (артыкчылыгы болуп саналат).
Билгичтиги:
-   анализ жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана соттордун, сот кызматкерлеринин тутумунун квалификациясын жогорулатуу маселелеринде ыкмаларды интеграциялоо;
-   аналитикалык, статистикалык, илимий-изилдөө жана билим берүү, ошондой эле басып чыгаруу иш-чараларын жүргүзүү;
-   окуу программаларын ишке ашыруу боюнча новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-   тартылган окутуучулар/адистер, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен иштерди өз ара натыйжалуу пландоо;
-   кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
-   окутуу пландарын, программаларын, укуктун бардык тармактары боюнча тесттин суроолорун түзүү;
-   окуу пландарын, программаларын, тесттин суроолорун жана тапшырмаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөрүү.
Көндүмдөр:
-   жогору турган органдардын, мамлекеттик мекеменин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын, буйруктарын жана тапшырмаларын өз учурунда жана сапаттуу ишке ашыруу, окутуучу курам/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу, иштин жаўы формаларын жана методдорун издөө;
-   соттордун жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда актуалдуу маселелер боюнча муктаждыктарын аныктоо жана анализдөө;
-   натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеўешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө;
-   баштапкы даярдоо, сотторду жана сот тутумунун кызматкерлерин окутуу жана квалификациялык деўгээлин жогорулатуу маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, сот органдары, билим берүү жана окутуу борборлору менен (расмий жана мамлекеттик тилде, чет тилде артыкчылыгы болуп саналат) ишкердик кат алышуу;
-   окутуу программаларын жакшыртуу үчүн сунуштарды даярдоо максатында чет өлкөлөрдүн сот органдарынын практикалык иш-тажрыйбаларын изилдөө.
 
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
-  жеке арыз;
-  кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;
-  паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
-  өмүр баяны, резюме;
-  нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү, квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документинин көчүрмөсү, илимий наам же илимий даража берилгендиги, мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгү жана башка документтери;
-  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыгынан берилген соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым кат (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).
Бардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине жарыянын газетага чыккан күнүнөн тартып 20 күндүн ичинде (2019-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин) саат 9.00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.
Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-36.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.