
Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Баткен мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына шайлоо өтөт
Баткен мамлекеттик университетинин жетекчиси (ректору) кызматына талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2021-жылдын 5-январынан тарта 14-январь саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт.
Баткен мамлекеттик университетинин жетекчисинин кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:
Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен ш., И. Жусупов көчөсү, 21, Кадрлар бөлүмү.
Байланыш телефондор: (0779) 81-61-35, (0772) 82-24-71.
Баткен мамлекеттик университетинин жетекчисинин кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:
- ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
- мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
- талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерге коюлуучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.
Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен ш., И. Жусупов көчөсү, 21, Кадрлар бөлүмү.
Байланыш телефондор: (0779) 81-61-35, (0772) 82-24-71.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек