Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Жаздагы, чаңдагы футбол…

Спорт
05 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
158
Быйыл Кыргызстандагы футбол майрамы эрте башталды. Январь айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстан улуттук курамасы жакшы ойноп күйөрмандарын арттырган. Аларды тосуп алуу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жогорку деңгээлде өткөнү маалым. Майрамдык маанай, шаан-шөкөт менен коштолуп Бишкекте заманбап стадион куруу маселесине келип токтогон.
Ал ортодо футболчуларыбыз жаңы сезонго карата даярдыкты улантышты. Кээ бир оюнчуларыбыз чет өлкөлөргө башка клубдарда ойноого чакырылды. Биздин «Дордой», «Алай» клубдарыбыз да сырттан келген легионер оюнчулар менен күчтөнүп алышты. Кыргызстандын биринчилиги эртең башталат. Ага чейин шаршемби күнү «Дордой» АФК Кубогунун алкагында алгачкы беттешүүсүн өткөрдү. Биз ойногон «Д» тайпасында «Дордой», Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр», Тажикстандын чемпиону «Истиклол» жана дагы бир тажикстандык «Худжанд» бар. Эрежеге ылайык тайпанын жеңүүчүсү гана кийинки айлампада ойноого өтөт. 1-тур 3-апрелде башталды. Жыйынтыктоочу 6-тур 26-июнда өтөт.
Биздин чемпион «Дордой» биринчи оюнду өз талаасында 3-апрелде Бишкекте өткөрүүсү бизге ыңгайлуу жагдай катары каралган. Биринчиден футбол күйөрмандары чоң футболду сагынып калышты. Экинчиден «Дордой» өз талаасында биринчи оюнду жеңиш менен баштап 3 упай алуусу зарыл болчу. Анын үстүнө Кыргызстан менен Түркмөнстандын улуттук курама командаларынын курамынын 70 пайызын  дал ушул командалардын оюнчулары түзөт.
«Дордой» быйыл бир топ оюнчулар менен күчтөнгөнүнө карабастан «Алтын Асыр» клубун ута албай келет. Түркмөнстандык «turkmenportal.com» бул эки команда мындан эки жыл мурда АФК Кубогунун алкагындагы беттешүүдө «Алтын Асыр» «Дордойду» Бишкекте 2:0, Балканабадда 3:0 менен утуп алганын эскерди. Бул команда биздин чемпион үчүн эң эле ыңгайсыз атаандаш бойдон калууда.
Бишкектеги беттешүүгө келсек Д.Өмүрзаков атындагы башкы аренабыз футбол ойноого даяр эмес экендигинен уят болдук. Жашыл майсаң талаадан чаң асманга сапырылып топ тепкен оюнчуларды эле эмес, стадионго чогулган элди да чаңдан чакатты. Айтмакчы, «turkmenportal.com» Бишкектеги стадиондо Түркмөнстан улуттук курамасына жаңыдан башкы машыктыруучу болуп дайындалган хорватиялык Анте Мише да көз салып олтурганын жазды. Стадионду тез арада калыбына келтирбесек АФК Бишкекте беттешүүлөрдү өткөрүүгө уруксат бербей коюусу да мүмкүн.
Оюн болсо 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Быйыл «Дордой» клубуна ойноого чакырылган түркмөнстандык Вахыт Оразсахедов эсепти ачты 1:0. Ал буга чейин «Алтын Асыр» клубунда ойногон. Түркмөнстан улуттук курамасынын чабуулчусу. Оюн аяктарына 5 мүнөт калганда түркмөндөр эсепти теңешип (1:1), Бишкектен бир упай алып кетишти. Берки жуптагы тажикстандык «Истиклол»- «Худжанд» таймашында 3:0 эсеби катталды. 2-тур 17-апрелде башталат. «Дордой» Тажикстанда «Худжанд» менен ойнойт.
Асан Жунусов
 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.