
Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

«Зенит» 5-ирет Россиянын чемпиону аталды
Футболдон Санкт-Петербург шаарынын «Зенит» клубу Россиянын премьер-лигасында быйылкы жылдын чемпиону аталды. Ишемби күнү «Зенит» Чеченстанда жергиликтүү «Ахмат» клубуна каршы ойноп 1:1 эсебинде тең чыкты. Биринчилик соңуна чыгаарына 3 оюн калганда 58 упай менен 1-орунду сактап калды. 2-орундагы Москванын «Локомотив» клубу бул күнү Тула шаарында «Арсеналга» утулуп 49 упай менен 2-орунда келүүдө. Калган 3 оюнда «Локомотив» 6 упай алса деле «Зениттен» өтө албайт. Себеби жеке беттешүүлөрдө «Зениттин» артыкчылыгы бар. Экинчиден калган 3 оюнда тең «Зенит» утулуп калат деп айтууга али эрте. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек