Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

​Ылдамдыктан эле эмес, убакыттан да озгон Усэйн Болт

Спорт
21 - Август 2019
www.erkintoo.kg
38
Ямайка өлкөсүнөн чыккан жөө күлүк, дүйнөлүк рекордсмен аталган Усэйн Болт бүгүн 33 жашка толду. Усэйн Болт 100 жана 200 метр аралыктарга чуркоодо алдына эч кимди чыгарбай рекорд жараткандыгы менен дүйнөгө таанылды. Олимпиадалык оюндардын 8, дүйнөнүн 11 жолку чемпиону. 8 ирет дүйнөлүк рекорд жараткан. 3 олимпиадада (2008, 2012, 2016) катары менен жеңишке жетишкен жалгыз спортчу. Карьерасын жыйынтыктаган соң футболго кызыгып айрым командалардын курамында ойноп жүрөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу