Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

XVI Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

Спорт
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
690
Кечээ Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Эл аралык  Ысык-Көл оюндары башталды. 16-ирет өтүп жаткан оюндарга Европа менен Азиядан 8 өлкөнүн: Германия, Венгрия, Казакстан, Россия, Латвия, Түркмөнстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Кыргызстандын командалары катышат. Командалар спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча таймашка түшүшөт:
Армрестлинг
Стритбол
Волейбол
Оордук көтөрүү
Дартс
Жеңил атлетика
Кум жээгиндеги футбол
Үстөл тенниси
Кум жээгиндеги күрөш
Самбо күрөшү
Бука тартыш
Сууда сүзүү
Кум жээгиндеги волейбол
Аркан тартыш
Массалык жеңил атлетикалык жарыш
Мелдеш 20-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.