Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Врачтар да футбол ойношот

Спорт
28 - Март 2019
www.erkintoo.kg
126
 Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги менен саламматтыкты сактоо кызматкерлеринин республикалык профсоздук кеңеши футбол боюнча ак халатчан врачтар ортосундагы “Doctors Community Cup” эл аралык турнирин уюштурууда. Турнирге Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь жана Украинанын командалары катышууда. 25-мартта башталган оюндарга 25 жаштан жогорку врачтык диплому барлар катышат. Оюндар Ташкенттеги «Миллий» жана «Жар» стадиондорунда өтөт. Турнир эртең жыйынтыкталат. Ак халатчандар футболдон сырткары медицина темасына байланышкан илимий-практикалык семинарга катышып тажрыйба бөлүшөт. Врачтар ортосундагы дүйнөлүк биринчилик быйыл 29-июндан 7-июлга чейин Мексикада өтөт.  (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.