Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Веложүрүш: Лондон – Нур-Султан

Спорт
30 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
90
Алты велоспортчу кечээ Лондондон Нур-Султан шаарын көздөй аттанышты. Алар 7 өлкөнү аралап 5830 км аралыкты басып өтүүлөрү керек. 29-апрелде башталган веложүрүш 6-июлда Нур-Султанда жыйынтыкталат. Бул өзгөчө жүрүш быйыл Казакстанда жарыяланган “Жаштар жылына” арналган. Максаты – Казакстанды даңазалоо, туризм менен массалык спортту өнүктүрүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого багытталган. Велоспортчулар аба-ырайынын кандай гана шарттарында болбосун чатырда түнөшүп, тамак-аштарын өздөрү даярдашат. Алар жолдо жүрүүсүн күн сайын сүрөт жана видеотасмалар аркылуу билдирип турушат жана дайыма байланышта болушат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.