
Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Валерий Кичин Беларуста калабы же Казакстанга келеби?
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын көзгө басар эң кымбат оюнчусу Валерий Кичин былтыртан бери Беларуста «Динамо» (Минск) клубунда ойноп келет. Быйыл кайсы командада карьерасын улантаары азырынча белгисиз. «Динамо» клубу жакында эле быйылкы жылга даярдыкты баштап, Сочиге окуу-машыгуу иштерине жөнөп кетти. Алар мында 4-февралга чейин болушат. Биздин Кичин дагы бир канча оюнчулар негизги курамга кирбей калышты. Алар азыр Минск шаарында дублёрдук курамда машыгууну улантышууда. Беларустагы жана Казакстандагы ЖМКлар Кичинди Казакстандын «Ордабасы» клубуна өтөөрүн жазып чыгышты. Валерий Кичин өзү азырынча жооп кайтара элек. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек