Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Украиналык Усик профессионалдар арасында дүйнө чемпиону

Спорт
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
542
Профессионал мушкерлер арасында биринчи оор салмакта (90 кг) украиналык Александр Усик 18-сентябрда Польшанын Гданьск шаарында жергиликтүү мушкер К. Гловацки менен Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) чемпиондук курун талашты. Жыйынтыгында Усик упайлардын айырмасында утуп, чемпион аталды. 29 жаштагы украиналык мушкер өзүнүн 10-беттешүүсүндө (9ун нокаут аркылуу уткан) дүйнө чемпиону болууга жетишти. Муну менен ал бир кезде атагы таш жарган америкалык Эвандер Холифилддин рекордун жаңылоого жетишти. Эвандер өзүнүн 12-беттешүүсүндө чемпион болууга жетишип, ошол кезде рекорд катары катталган экен. Украиналык мушкердин атаандашы поляк жигити 30 жашта. 27-беттешүүсүндө утулду, калган 26сын уткан (16 нокаут).
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.