Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Украинада «Шахтёр» чемпион

Спорт
25 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
151
Украинада футболдук биринчилик 19-июлда жыйынтыкталат. 27-турдагы оюндан кийин 71 упай топтогон «Шахтёр» (Донецк) мөөнөтүнөн мурда быйылкы жылдын чемпиону аталды. Себеби, 2-орундагы «Динамо» (Киев) командасынын 52 упайы бар. Упайлардын айырмасы 19 болуп жатат. Анын үстүнө командалар дагы бештен оюн өткөрүшөт. «Динамо» калган оюндардын баарын утканда деле «Шахтёр» клубун кууп жете албайт.  Донецк шаарынын клубу Украинада 4-ирет катары менен чемпион болууга жетишти. Аталган клуб өз тарыхында 13 жолу чемпион болгон. Чемпиондук жарышта «Динамо» (Киев) лидер. Алар Укриананын 15 жолку чемпиону болууга жетишкен.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу