Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

​Украина финалга чыкты

Спорт
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
210
Футболдон 20 жашка чейинки жигиттер арасындагы дүйнөлүк биринчилик Польшада 23-майда башталган. 11-июнда жарым финалдык оюндар өтүп финалисттер аныкталды. Украина Италияны 1:0 менен утса,Түштүк Корея Эквадор курамасын ушундай эле эсеп менен жеңип алды. Эми эртең Италия менен Эквадор 3-орун үчүн ойношот. 15-июндагы финалда Украина менен Түштүк Корея чемпиондукту талашат. Эске салсак КМШдан 20 жашка чейинкилер арасында буга чейин бир да команда мындай ийгилик жарата элек болчу. Россиялык жаштар 1993 жана 1995-жылдары финалдык бөлүктө ойношкон. Бирок алар чейрек финалдан ары өтө алышкан эмес. Украина көч баштады. Утса чемпион, утулса күмүш байге алат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.