Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

УЕФА 2020-жылы өтчү биринчиликтин эн белгисин бекитти

Спорт
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
476
Европа футбол ассоциациялар уюму (УЕФА) 2020-жылы өтчү Европа биринчилигинин эн белгисин бекитти. Бул биринчилик 60 жылдык маарекеге дал келгендиктен оюндар Европанын 13 мамлекетинин: Амстердам, Баку, Бильбао, Брюссель, Бухарест, Будапешт, Копенгаген, Дублин, Глазго, Мюнхен, Рим, Санкт-Петербург шаарларында,  жарым финалы менен финалдык оюн уюштуруучу өлкө катары каралган Лондондо атактуу Уэмбли стадионунда болот.
Евро-2020нын эн белгисинин бетачар аземине УЕФАнын президенти Александер Чеферин, Англия футбол  ассоциациясынын төрагасы Грег Кларк жана Лондон шаарынын мэри Садик Хан катышты.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.