Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Түркмөнстанда “Алтын асыр”, Германияда “Боруссия”

Спорт
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
212
Жайкы футболдук танапис аяктап көп өлкөлөрдө Суперкубоктун жеңүүчүлөрү аныкталууда. Түркмөнстандын чемпиону “Алтын асыр” клубу “Копетдаг” клубун 2:0 эсебинде жеңүү менен 5-ирет Суперкубоктун ээси болуп калды.
Германияда болсо “Боруссия” “Бавария” клубун жеңүү менен Суперкубокту алып калды. Француздар быйыл өлкөнүн Суперкубогун Кытайдын Шэньчжэн шаарында уюштурушту. Мында  «Пари Сен-Жермен» - «Ренн” таймашы  -  2:1 эсебинде аяктады. “ПСЖ” Суперкубоктун ээси. Англиядагы атактуу “Уэмбли”стадионунда “Ливерпуль” менен “Манчестер сити” чыныгы таймашты тартуулашты. Оюндун негизги убактысы да кошумча берилген убакыт да жеңүүчүнү аныктай албады. Пенальти тебүүдө 4:5 эсеби катталып “Манчестер сити” Суперкубокту алып кетти. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.