Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

​Түндүк Корея менен Түштүк Корея тең чыкты

Спорт
16 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
81
Азия чөлкөмүндө футболдон 2022-жылкы дүйнөлүк биринчиликке иргеп алуу оюндарынын кезектеги 4-туру кечээ түндө жыйынтыкталды. Эң кызыктуу оюндардын бири Пхеньянда катталды. Себеби 1990-жылдан бери, арадан 29 жыл өткөн соң Түндүк Кореяда аталган командалар биринчи жолу ойношту. Эки өлкөнүн мамилеси эске алынып, оюнга, күйөрмандар эле эмес журналисттер да киргизилген жок. Оюндун жыйынтыгына келсек мында эсеп ачылбай 0:0 эсеби катталды. Турнир жадыбалына келсек экөөнүн тең 7ден упайлары бар. Экөө тең азырынча жеңилүү ызасын тартыша элек. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.