Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Тимур уулу Орозбек Беларуста сыноодо

Спорт
20 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
176
Бишкектин «Алга» футболдук клубунун оюнчусу 19 жаштагы Тимур уулу Орозбек да Беларусь Республикасына аттанды. Ал быйыл жогорку лигада ойноого укук алган «Смолевичи» клубунда сыноодо жүрөт. Өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтө алса аталган клуб менен келишим түзөт. Сыноодон өтпөсө үйүнө кайтат. Өткөн жылы дагы бир жердешибиз Беларустун «Энергетик-БГУ» клубу менен келшим түзгөнү менен жакшы оюн көрсөтө албай үйүнө кайткан. Азырынча Беларусь биринчилигинде бизден Валерий Кичин менен Гүлжигит Алыкулов бар. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.