Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

​Ташкент талапкерлердин катарында

Спорт
02 - Май 2019
www.erkintoo.kg
137
Футбол боюнча 19 жашка чейинки оюнчулар арасында 2020-жылы өтчү Азия бириничилигин өткөрүүгө Ташкент шаары да талапкер болууда. Ташкенттин даярдыгын көрүүгө 5-6-майда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өкүлдөрү келишет. Алар мелдеш өтчү стадиондор, мейманканалар ж.б. шарттарды көрүп чыгышат.
Азия биринчилигине катышуу үчүн  16 жана 19 жашка чейинки командалардын чүчү кулак кармоосу 9-майда өтөт. 16 жашка чейинкилердин арасындагы тандап алуу оюндары болсо Ташкентте өтөт. Ал эми 19 жашка чейинкилердин арасындагы иргеп алуу оюндары чүчү кулак кармоодон кийин белгилүү болот. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.