Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Суперкубокту Стефани Фраппар тейлейт

Спорт
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
28
Европа футбол ассоциациялар уюму (УЕФА) 14-августа Стамбулда өтчү Суперкубоктун финалын тейлөөгө биринчи жолу айымдар курамынан турган калыстарды дайындады. Футбол тарыхында буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Оюндарда айымдар калыс катары тейлеп келишкен. Бирок финалга дайындоону УЕФА баштап берди. Суперкубокту англиялык “Челси” менен “Ливерпуль” талашат. Башкы калыс 35 жаштагы Стефани Фраппарга дагы бир франциялык айым Мануэле Николози жана ирландиялык Мишель О Нил жардам беришет. Резервдеги калыс катары түркиялык  Джюнейт Чакыр турат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу