Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

​Шахмат: Тажикстандын президентинин кубогу

Спорт
29 - Май 2019
www.erkintoo.kg
119
Шахмат боюнча Тажикстандын президентинин кубогу үчүн республикалык мелдеш өтөт. Мелдештин байге кору үчүн өлкө президенти тарабынан 100 миң сомони (10,6 миң АКШ доллары) бөлүндү. Мелдеш катышуучулардын жаш курактарына жараша үчкө бөлүнүп, үч этап менен өткөрүлөт. 14 жашка чейинки балдар арасында, жаштар арасында 15-30 жашка чейин жана чоңдор арасындагы таймашка 30 жаштан жогоркулар катыша алат.
Тандап алуу оюндары 10-июндан 8-июлга чейин айылдарда башталат. Экинчи этабы 8-июлдан 25-августка чейин райондук жана шаардык деңгээлде биринчи этаптын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда өтөт. Үчүнчү этабы 5-25-сентябрда ойнолот. Финалдык оюндар 1-5-октябрь күндөрү Душанбе шаарында болот. Байге командалык эсепте жана жеке жеңүүчүгө тапшырылат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.