Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Россиядагы ири эсептер

Спорт
25 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
236
Россияда футбол биринчилиги коронавируска байланыштуу 17- мартта токтотулган болчу. Биринчилик  19-июнда жанданды, улантылды 19-20-21-июнь күндөрү өткөн оюндарда ири эсептер катталды. Москванын ЦСКА клубу өз талаасында Санкт-Петербургдун “Зенит” клубуна 0:4 менен утулуп калды. “Сочи”- “Ростов” таймашында 10:1 эсеби катталды. Мында “Ростов” (Ростов-на-Дону) клубунун курамындагы 6 оюнчу коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу негизги курамга ойноого уруксат берилген жок. Алардын ордуна оюн талаасына чыгышкан 17-18 жаштагы оюнчулар “Сочи” командасынын тажрыйбалу оюнчуларына каршылык көрсөтө алышпагандыктан ушундай ири эсеп катталды.
Асан Жунусов 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.