Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

​Россияда Кубокту ким утат?

Спорт
22 - Май 2019
www.erkintoo.kg
206
Футболдон Россиянын быйылкы жылкы Кубогун Москванын “Локомотив” жана Екатеринбургдун “Урал” клубдары беттешет. Финалдык оюн бүгүн Самара шаарындагы 44 миң орундуу “Самара-Аренада” өтөт. Финалга чейинки иргеп алуу оюндарына 4-лигадан тартып жогорку лиганын клубдарын кошкондо 92 команда катышты. Жыйынтыгында аталган эки команда Кубокту талашмай болду. “Локомотив” аталган Кубокту буга чейин 7 ирет уткан. “Урал” 2 жолу финалга чыккан. Кубокту уткан клуб Европа лигасында ойноого укук алат жана быйыл Россияда чемпион болгон клуб менен Суперкубокту талашат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.