Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Россия да жолдомо алды

Спорт
14 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
41
Европада футболдон 2020-жылы өтчү Европа биринчилигине тандап алуу оюндары өтүүдө. Кечээ Россия курамасы конокто Кипр тандалмасын 5:0 менен утуп кайтты. Жыйынтыгында 21 упай топтоп жолдомо алды. Бул топто азырынча жеңилүү ызасын тарта элек Бельгия 24 упай менен 1-орунда келет жана биринчи болуп жолдомого жеткен команда. Кимиси 1-орунду камсыз кылаары 16-ноябрдагы Россия-Бельгия таймашында билинет. Бул эки командадан сырткары Италия менен Польша да алгачкылардан болуп Европа биринчилигинде ойноого укук алышты. Европада тандап алуу оюндары ноябрь айында жыйынтыкталат. Финалдык бөлүктө ойноого 24 команда тандалат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу