
Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Роналду жана 100 топ
Футболдон Европа өлкөлөрүнүн курама командаларынын ортосунда өтчү “Улуттар лигасы” турниринин 3-турдагы оюндары кечээ жыйынтыкталды. Португалия курамасы Стокгольм шаарында Швеция курамасына каршы ойноп, 0:2 эсебинде утуп кайтты. Эки топту тең Роналду кийирип жеңиш алып келди. Эң башкысы – Роналду улуттук курама үчүн кийирген топторунун санын 100гө жеткирип рекорд койду. Айтмакчы, былтыркы жылы дал ушул турнирде Португалия курамасы жеңүүчү болгон.
(АЖ)
(АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек