Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

​Роналду дагы бир рекордун жаңылады

Спорт
16 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
90
Футболдон 2020-жылы өтчү Европа биринчилигине тандап алуу оюндары ноябрь айында жыйынтыкталат. 14-октябрда Португалия курамасы Киевде Украинага каршы ойноп утулуп калышты. Украиналыктардын 2 тобуна Криштиану Роналду пенальтиден 1 гол менен жооп кайтарды. Украина 2:1 менен жеңип жолдомо алды.
Роналдунун дал ушул пеналтиден кийирген тобу анын футболдук карьерасындагы 700-голу болуп катталды. Алгачкы голун мындан 17 жыл мурда 2002-жылы октябрь айында жараткан экен. Эң эле кызыгы дарбазага багытталган голдорунун 444үн оң буту менен 126сын сол буту менен тээп кийирген. Калгандарын башы менен сүзүп багыттаганы маалым болду. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.