Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Рио-2016: Паралимпиада жыйынтыкталды

Спорт
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
555
Кечээ Бразилияда паралимпиада оюндары жыйынтыкталды. Командалык эсепте 1-орунду Кытай курамасы камсыздады. Алар 105 алтын, 81 күмүш жана 51 коло байге, жалпысынан 237 медалдарга ээ болушту.
 
2-орундагы Улуу Британия-64-39-44=147.
Баарын таң калтырышып 3-орунга көтөрүлүшкөн Украинанын көрсөткүчү-41-37-39=117.
 
Борбор Азиядан Өзбекстан рекорд койду. Алардын энчисинде 8 алтын, 6 күмүш жана 17 коло байге бар. Баары-31 медаль.
 
Өзбекстан 75 команданын ичинен командалык эсепте 15-орунду камсыз кылды. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Украинадан кийин 2-орунда болсо, Азияда Кытайдан кийинки орунду камсыз кылып, Борбор Азияда биринчи болду. Өзбекстандан паралимпиадага 32 спортчу барып, алар спорттун 5 түрүнөн: дзюдо, жеңили атлетика, сууда сүзүү, ок атуу жана пауэрлифтинг боюнча катышты.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.