
Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Рекордчу Юлимар Рохас
Жеңил атлетиканын узундукка үч аттап секирүү түрүнөн Венесуэла Республикасынын 24 жаштагы өкүлү Юлимар Рохас жаңы дүйнөлүк рекорд жаратты. Мадрид шаарында жабык имарат ичинде өткөн эл аралык турнирде Юлимар Рохас 15,43 метр аралыкка секирди. Буга чейинки, 2004-жылдан берки рекорд россиялык Татьяна Лебедовага таандык болуп, анын көрсөткүчү - 15,36 метр болчу. Ал эми ачык абадагы (сыртта) өткөн мелдештердеги рекорд 1995-жылдан бери украиналык Инесса Кравец (15,50 метр) айымга таандык болуп келет. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек