Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Рекордчу “Локомотив”

Спорт
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
102
Футболдон Россиянын Кубогун Москванын “Локомотив” клубу 8-ирет жеңип алды. Финалдык оюн кечээ Самара шаарындагы “Самара-Аренада” өтүп, “Локомотив” менен “Урал” (Екатеринбург) клубу ойноду. Оюн 1:0 эсебинде москвалыктардын пайдасына аяктап, Кубокту жеңип алуу жагынан Россияда “Локомотив” рекорд койду. Команданын башкы машыктыруучусу Юрий Семин “Локомотив” менен Кубокту 6-ирет жеңип алган машыктыруучу катары да рекорд жаратты. “Локомотивден” кийинки орунда Москванын ЦСКА клубу келет. Алар Кубокту 7 ирет жеңип алышкан. СССРде биринчи Кубокту да 1936-жылы “Локомотив” жеңип алган. Эми “Локомотив” Россиянын Суперкубогу үчүн 6-июлда Россияда быйыл чемпиондукту жеңип алган “Зенит” менен Москвада ойнойт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.