Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Паралимпиада оюндарына катышкан кыргызстандыктар сыйланды

Спорт
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
414
Бишкек шаардык кеңеши мэрия менен биргеликте Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродон өткөн жайкы параолимпиада оюндарына катышып, ийгиликке жетишкен эки спортчуну жана алардын машыктыруучусун куттукташты. 5-орунду ээлеген поуэрлифтер Эсен Калиев менен 6-орунду алган Жыргалбек Оросбаевдер, Бишктин герби түшүрүлгөн күмүш төш белги менен сыйланып, алардын машыктыруучусу Аднан Жабраиловко “Мекенчил” төш белгиси берилди. Ошондой эле, аларга белектер дагы ыйгарылды. Эскерте кетсек, 7синен 18-сентябрга чейин өткөн паралимпиада оюндарына ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 3 спортчубуз катышкан. Өкмөттүн токтому менен, жакында сый акы катары, 5-орунду алган Эсен Калиевке 1 милиион сом, Жыргалбек Орозбаевке 900 миң сом берилет. Ал эми алардын машыктыруучусуна 475 миң сом ыйгарылат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.