Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык Tectop компания тигип берет

Спорт
31 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
88

 Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти. Аталган комитеттен билдиришкендей, ушул эле компания 2018-жылы Жакартада өткөн Азия оюндарына барган кыргызстандык спортчулардын параддык формасын тигип берген (250 комплект). "Алар биздин олимпиада курамабыздын техникалык демөөрчүсү болду. Азия оюндарынан кийин кийимдин сапаты жакшы болуптур деген пикирлерди уктук. Андан кийин биз сүйлөшүү жүргүзүп, 2020-жылкы Олимпиада оюндарына техникалык демөөрчүлүк кылуу боюнча макулдаштык. Алар акысыз түрдө параддык, атайын спорттук кийимди тигип беришет. Ар бир комплектте дээрлик 20 кийимден болот", - деп билдиришти комитеттен.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.