
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Окутуучу Pro Grappling боюнча Азия чемпиону болду
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт 2019-жылдын 3-5-майында MMAнын «Hosharafu Fighting Championship» версиясы боюнча Индияда болуп өткөн HFC32 эл аралык турниринде жергиликтүү мушкер Рахул Тапаны жеңип, чемпиондук алтын курдун ээси болду. Ошол эле күндөрү профессионалдык грепплингдин Pro Grappling категориясы боюнча Азиялык биринчиликте ийгиликке жетишүү менен алтын медаль тагынып, кайрадан Азия чемпиону аталганын университеттен кабарлашты.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек