Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Мыкты оюнчу, мыкты машыктыруучу Валерий Газзаев

Спорт
07 - Август 2019
www.erkintoo.kg
21
КМШ кыйырындагы эң атактуу футболдук машыктыруучулардын бири Валерий Газзаев бүгүн 65 жашка толду. Осетин жигити мыкты оюнчудан мыкты машыктыруучуга айланды. Бул баарынын эле колунан келе бербейт. СССРде далай мыкты оюнчулар жашы жетип футболдук карьерасын жыйынтыкташкан соң эмне кылаарын билбей кыйналышкан. Себеби баары эле машыктыруучу болуп иштеп кете албайт. Газзаевдин өзгөчөлүгү мына ушунда. Ал ар кайсы клубдарды машыктырды. Россия курамасын жетектөөгө жетишти. 2005-жылы ал баштаган Москванын ЦСКА клубу Россиянын тарыхында биринчи жолу Европа футбол ассоциациялар уюмунун (УЕФА) Кубогун уткан команда катары катталган. Учурда Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты. КМШ өлкөлөрүнүн биринчилигин уюштурууга бир канча жылдан бери аракет кылып келет. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу