Курс НБ на 23.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Мухаммед Али – Антонио Иноки

Спорт
26 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
80
Америкалык атактуу мушкер Мухаммед Али менен япониялык күрөш чебери Антонио Иноки экөөнүн рингдеги таймашына бүгүн 43 жыл болуптур. Азыркы ызы-чууга түшкөн эрежесиз эр уруш 1976-жылы 26-июнда Японияда башталыптыр. Мухаммед Али колкапчан чыгып нокаутка түшүрө согом деп кыялданган. Иноки болсо рингге жатып алып 15 раунд бою турбай койгон. Болгону буту менен тепкилеп Алинин айласын кетирген. Укмуш кармашууну көрөбүз деген күйөрмандар ыраазы болбой билеттердин акчасын кайтарып берүүнү талап кылышкандар да болгон. Калыстардын эсеби боюнча Иноки Алини 60 жолу бутка тепкен. Мухаммед Али болсо урушууга ыңгайсыз болгондуктан болгону 6 жолу шилтеп калууга үлгүргөн. Бирок экөөнүн кунарсыз таймашынан кийин Мухаммед Али буту ооруп, баса албай журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө келе албай калган. Экинчи жагынан 3 миллион доллар гонорар алганына ыраазы болгон. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу