Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Москва-2018: эн белгини тандоо 23-сентябрда башталат

Спорт
16 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
541
Футболдон 2018-жылы Москвада өтчү дүйнө биринчилигинин эн белгисин (тумарын) тандоо 23-сентябрда башталат. Адатта футболдук биринчиликтерди өткөрүүдө көбүнчө жаныбарларды тандашат. Россия деле бул салтты чанган жок. Эн белгиге  ээ болууга талапкер катары: жолборс, мышык жана карышкыр тандалды. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетте  мына ушул үч талапкерге добуш берүүчү күнү – 23-сентябрда атайын бетачары өтүп, анан ФИФАнын расмий сайтында жана социалдык түйүндөрдө добуш берүү башталат. Жеңүүчү 21-октябрда аныкталып, Россиянын Биринчи каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.