Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

​Монголия: «Аравт» - аскерлердин атчан жарышы

Спорт
24 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
149
Монголияда 3-8-август күндөрү аскерлердин эл аралык оюндарынын программасынын алкагында «Аравт» деп аталган атчан аскерлердин марафону өтөт. КМШдан Кыргызстан, Казакстан, Россия катышат.
«Аравт» - курамында 10 атчан аскери бар өзүнчө чакан топ. Монголиядагы мелдеште командалардын курамында да 10дон атчан аскерлер болот. Алар алгач 130 км аралыкка ат чабышка – марафонго чыгышат. Мындан сырткары тоскоолдуктардан жана мина талаасынан чеберлеп өтүү каралган. Мелдештин экинчи этабында ат үстүндө баратып ок атуу жана граната ыргытуу боюнча мелдештер уюштурулат. Атчан аскерлердин салмагы 85 килден ашпоого тийиш деген да талап бар. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.