Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Медресе жаштары спортту өнүктүрүүдө

Спорт
01 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
177
Кыргызстандагы кесип үйрөнүү курстарын окуп жаткан медреселер ортосунда аймактык жана республикалык деңгээлдеги футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Ага Чүй, Талас, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан бир нече команда, ошондой эле түштүк аймактагы облустардын чемпиону болуп жеңип келген Баткен облусунун командасы катышты. Жыйынтыгында финалда Баткен облусундагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин жаштары менен Чүйдөгү “Көлмө” медресеси беттешип, жеңүүчүсү “Көлмө” командасы аталды. Экинчи орунду Чүй облусундагы «Лукман Хаким» медресеси, ал эми үчүнчү орунду Талас медресеси багындырып, баалуу белектерге жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешовдун айтымында, медреселер азыр замандын талабына жараша коом менен тыгыз аралашып, элге пайдалуу болууну көздөөдө. “Ыйманы таза, тарбиясы мыкты жаштар коомдук турмушка активдүү аралашып, сергек жашоону, улутубуздун саламаттыгын көбүрөөк даңазалап турса биздин утушубуз ошол. Ислам өзү тазалык менен ынтымакты сүйгөн дин. Медреседе окуган жаштар бир гана диний окуу менен чектелбей коочулукта суроо-талапка ээ болгон кесиптерди үйрөнүп, элге пайдалуу болсо, эң башкысы өз үй-бүлөсүн жакшы багып кете алган керектүү кесипти үйрөнүп, эч кимге көз каранды болбой, өз оокатын тың алып кетсе коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы ошол” – деп баса белгиледи. Эскерте кетсек, диний окуу жайлар арасында өткөрүлгөн футбол оюну Мусулмандар дин башкармалыгы жана “АВЕП” коомдук фонду тарабынан  “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган долбоор тарабынан өткөрүлдү. 
Самара Капарова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.