Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

​Кызыгы көп футбол жана “Ливерпуль”

Спорт
08 - Май 2019
www.erkintoo.kg
182
Англиянын “Ливерпуль” клубу кечээ түндө футбол күйөрмандарына кайталангыс тамаша тартуулады. Чемпиондор лигасынын жарым финалындагы 1-майдагы биринчи оюнда “Барселона” өз талаасында “Ливерпуль” клубун 3:0 менен утуп алган. Кечээки жооптуу оюнда “Ливерпуль” 4:0 менен жооп берип, футбол күйөрмандарын таң калтырып турган кези. Эми 1-июнда өтчү финалда “Ливерпуль” ким менен ойноору бүгүнкү “Аякс” – “Тоттенхэм” беттешүүсүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. “Аякс” биринчи оюнда Англияда “Тоттенхэмди” 1:0 эсебинде утуп кайткан. Ошентип, быйылкы чемпиондор лигасынын финалында “Реал” менен Роналдуну, “Барселона” менен Мессини көрө албайбыз. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.