Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Кыргызстан менен Казакстандын жаш футболчулары беттешет

Спорт
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
521
Жолдоштук беттеш 2-октябрда Алматы облусунда өтөт. Кыргызстандын жаштар курамасы казакстандык атаандаштары менен ойной турганын КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Беттеш 2-октябрда Алматы облусундагы Талгар шаарында өтөт. Учурда КР курамасы башкы машыктыруучу Владимир Салонун жетекчилиги алдында Футбол федерациясынын борборунда машыгууларын баштайт, ага 23 футболчу чакырылган. Эске салсак, 30-августта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Казакстандын улуттук курама командалары беттешип, оюн кыргызстандыктардын пайдасына аяктаган.

Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.