Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

КУУда ордо оюну боюнча республикалык мелдеш өттү

Спорт
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
284
18-май күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын батыш тарабында жайгашкан ордо аянтчасында "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата Бишкек шаардык “Ак ордо” федерациясынын негиздөөчүсү Абдылда Тургунбаевдин байгесин утуп алуу үчүн ардагерлер арасында ордо оюну боюнча республикалык мелдеш өттү. Оюнга Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын областтарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген командалар катышты. Республикалык “Ордо оюну” федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев  ордо оюну -  кыргыз элинин байыркы жоокердик акыл оюндарынын бири экендигин, диаметри 14 метр болгон тегерек чийип алып, каалаган жерде ойной берүүгө болоорун жана  катышуучуларга  ийгилик каалады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.