Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​Кристин Синклер Роналду менен Мессини артта калтырды

Спорт
03 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
62
Футбол боюнча Канада улуттук кыздар курама командасынын капитаны 36 жаштагы Кристин Синклер рекордчу катары футбол тарыхында калды. Анткени ал улуттук курама командада 16 жашынан тарта ойноп келет. Бул аралыкта 290 оюн өткөрүп, 185 гол жараткан. Жакында эле Токио олимпиадасына тандап алуу оюндарында 2 гол жаратты. Дүйнөлүк футболдо жигиттерден мыкты оюнчу катары таанылган Роналду улуттук курама үчүн бүгүнкү күнгө карата 164 оюнда 99, Месси 138 оюнда70 гол жаратышкан. Эркектер футболунда улуттук курама командасынын намысын коргоп жаткандар арасында азырынча ирандык Али Даеи лидер. Анын көрсөткүчү - 109 топ. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.