Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Колумбияда кичи футболдон дүйнө биринчилиги өтүүдө

Спорт
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
509
Кичи футболдон 8-ирет өтүп жаткан дүйнө биринчилиги 10-сентябрда башталган. Колумбияга  24 команда чогулуп, алар төрттөн 6 топко бөлүнүшкөн. Эрежеге ылайык өз топторунда 1-2-орундарды ээлеген командалар жана дагы көрсөткүчтөрү мыкты болгон 4 команда кийинки айлампага, 1/8 финалга чыгышат. КМШдан Россия, Украина, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан катышууда. Бирок Өзбекстан бир оюнда тең чыгып, калган оюндарда утулуп калып үйүнө кайтты. Кыргызстан былтыр күзүндө Ташкентте өткөн тандоо оюндарында өз тобунан чыга албагандыктан биринчиликке барган жок. Командабыз барбаганы менен жердешибиз Нурдин Букуев калыс катары катышууда. КМШнын калган командалары 1/8 финалга өтүштү. Бүгүн талаа ээлери Колумбия Парагвай менен ойносо, Россия Вьетнамга каршы ойнойт. Ким чемпион болоору 2-октярда белгилүү болот.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.