Курс НБ на 21.02.2020 $69,8500 €75,4170

Ким чемпион болот? Түштүк Корея же Сауд Арабия…

Спорт
24 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
42
Таиландда футболдон 23 жашка чейинки оюнчулар арасындагы Азия биринчилигинде жарым финалдагы оюндар 22-январда болуп өттү. Азиянын аракеттеги чемпиону болуп келген Өзбекстан олимпиадалык курамасы Сауд Арабияга 0:1 эсебинде утулуп, чемпиондук наамын алдырып койду. Эми 3-орун үчүн Австралия менен ойнойт. Берки жуптагы жарым финалда Түштүк Корея Австралияны 2:0 менен жеңип финалга чыкты. 26-январь күнү өтчү финалда Түштүк Корея менен Сауд Арабия ойноп жеңгени Азия чемпиону аталат. Мындан сырткары финалга чыгышкан эки командага тең Токио олимпиадасына жолдомо берилет. Коло байге үчүн болчу 25-январдагы оюнда Өзбекстан менен Австралиянын кимиси утса, 3-орун менен кошо олимпиадага жолдомону да кошуп алат. Турнирдин эрежесине ылайык Азия чөлкөмүнө 3 гана жолдомо бөлүнгөн. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу