Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Кичи футболдон Аргентина дүйнө чемпиону

Спорт
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
454
1-октябрда Колумбияда кичи футболдон кезектеги дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Чоң футболдогудай эле футболдун бул түрүнөн континенталдык биринчилик 4 жылда бир өтөт. 8-ирет өткөн биринчиликке 24 команда катышты.
1-октябрдагы финалда Аргентина менен Россия чемпиондукту талашты. Эки команда тең өз тарыхында биринчи жолу финалга чыгышкандыктан оюн өтө кызыктуу өттү. Аргентина активдүү ойноп, улам озуп баратты. Россия эсепти теңөөгө аракет кылып жатты. Беттешүү 5:4 эсебинде аяктап Аргентина чемпион болду.
Үчүнчү орун үчүн Иран менен Португалия ойноп негизги жана кошумча убакытта жеңүүчү аныкталган жок. Эсеп 2:2. Пенальти тебүүдө Иран 4:3 эсебинде жеңип коло байгени алды.
Колумбиядагы биринчиликте жердешибиз Нурдин Букуев башкы калыс жана капталдагы калыс катары оюндарды тейлегинин белгилей кетели. Финалдык оюнда Букуев капталдагы үчүнчү калыстын милдетин аткарды.
 
Буга чейин кимдер чемпион болгон?
2012: Бразилия - Испания  3:2 (Таиландда өткөн)
2008: Бразилия - Испания  2:2, пенальтиден Бразилия уткан 4:3 (Бразилияда өткөн)
2004: Испания - Италия  2:1 (Кытай Тайбэйинде)
2000Испания - Бразилия  4:3 (Гватемалада)
1996: Бразилия - Испания  6:4 (Испанияда)
1992: Бразилия - АКШ  4:1 (Гонконгдо)
1989: Бразилия - Голландия  2:1 (Голландияда)
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.