Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Казакстан менен Беларусь топ-дивизиондо

Спорт
27 - Май 2019
www.erkintoo.kg
129
Шайба менен ойнолчу хоккейден 2019-жылкы дүйнөлүк биринчилик кечээ Словакияда соңуна чыкты. Анын жыйынтыгы боюнча Франция менен Австрия биринчи дивизионго түшүп калышты. Алардын ордун жакында эле Нур-Султан шаарында 1-дивизиондогу командалар ортосунда өткөн дүйнөлүк биринчиликте алдыңкы орундарды ээлешкен Казакстан менен Беларусь ээлейт. 2020-жылы дүйнөлүк биринчилик 8-24-май күндөрү Швейцарияда өтөт. Ага талаа ээлеринен сырткары Финляндия, Канада, Россия, Чехия, АКШ, Германия, Швеция, Словакия, Дания, Улуу Британия, Латвия, Норвегия, Италия, Казакстан жана Беларусь катышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.