Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Катар-2022: Атаандаштар аныкталды

Спорт
18 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
178
Футбол боюнча кезектеги дүйнөлүк биринчилик 2022-жылы Катарда, Азия биринчилиги 2023-жылы Кытайда өтөт. Мына ушул биринчиликтерге катышууга жолдомо берчү тандап алуу оюндары сентябрда башталат. Кечээ 17-июлда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башкы штабы жайгашкан Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында чүчү кулак ташталды. Азиянын 40 командасы бештен 8 топко бөлүнүштү. Мында командалардын Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) быйылкы жылдын июнь айында жарыяланган рейтингине жараша бөлүштүрүлдү. Кыргызстан F тобунда Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.
 A: Кытай, Сирия, Филиппин, Мальдивы, Гуам.
 B: Австралия, Иордания, Кытай Тайбэйи, Кувейт, Непал.
 C: Иран, Ирак, Бахрейн, Гонконг, Камбоджа.
 D: Сауд Арабия, Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур.
 E: Катар, Бангладеш, Оман, Индия, Ооганстан.
 F: Япония, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Монголия.
 G: БАЭ, Вьетнам, Таиланд, Малайзия, Индонезия.
 H: Корея, Ливан, КЭДР, Түркмөнстан, Шри-Ланка.
 
 
 
2019-жыл 5-сентябрь:
Тажикстан - Кыргызстан
10-октябрь:
Кыргызстан - Мьянма
15-октябрь:
Монголия - Кыргызстан
14-ноябрь:
Кыргызстан - Япония
19 ноябрь:
Кыргызстан - Тажикстан
2020-жыл 31-март:
Мьянма - Кыргызстан
4-июнь:
Кыргызстан - Монголия
9-июнь:
Япония – Кыргызстан
Тандап алуу оюндары быйыл 5-сентябрда башталып эмки жылы 9-июнда жыйынтыкталат. Эрежеге ылайык 8 топтун жеңүүчүсү жана көрсөткүчтөрү мыкты болгон 2-орундарды ээлешкен 4 команда жалпысынан 12 команда 2023-жылкы Азия биринчилигине жолдомо алышат жана 2022-жылкы дүйнөлүк биринчиликке тандап алуунун кийинки айлампасына чыгышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.