Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Каха Каладзе

Спорт
27 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
195
Грузия, Украина жана Италияда футбол ойноп таанылган саясатчы Кахабер (Каха) Каладзе 42 жашта (27.02.1978). Футболдук карьерасын 1993-жылы «Динамо» (Тбилиси клубунда ойноо менен баштаган. 1998-жылы Киевдин «Динамо» клубуна өткөн. 2001-жылы Италиянын «Милан» клубуна чакырылган. Мында Италиянын чемпиону, эки жолу чемпиондор лигасын, УЕФАнын суперкубогун жана клубдар арасындагы дүйнөлүк биринчиликти уткан. 2010-жылы «Дженоа» клубуна өткөн. Эки жылдан кийин футболдук карьерасын жыйынтыктаган. 15 жыл бою Грузия улуттук курама командасынын намысын коргогон. Футболдон соң «Грузин кыялы» партиясына мүчө болуу менен саясатка аттанган. 2012-жылы Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри, 2017-жылдын 13-ноябрынан тарта Тбилиси шаарынын мэри. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.