Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Иззат Артыковго үй берилди

Спорт
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
577
Рио олимпиадасында коло байге алып, бирок допинг чырынан соң байгесинен ажыраган оор атлетчи Иззат Артыков кыргызстандыктар үчүн Олимпиаданын каарманы бойдон кала берет. Жакында эле кыздуу болгон Артыков бүгүн үйлүү болуп сүйүнүп турган кези. “Аю” компаниясы тартуулаган 2 бөлмөлүү квартира Көк-Жар жаңы конушунда курулууда. Бул 9 кабаттуу үй жыл аягында пайдаланууга берилет. Үйдүн баасы 5 млн сомго баалангандыктан, 5 млн сомдук сертификатты “Аю” компаниясынын өкүлдөрү И.Артыковго бүгүн тапшырышты.
Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин директору Канат Аманкулов болсо Иззат Артыков ай сайын берилчү 45 миң сомдук олимпиадалык стипендияны 2 жыл бою үзгүлтүксүз алып турарын билдирди. Мындан сырткары Артыковго өмүр бою берилчү 15 миң сомдук стипендия жана “КРнын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы берилеби жокпу аны атайын комиссия карап чыгаарын кошумчалады.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.