Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

​Икер Касильяс менен Петр Чех

Спорт
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
103
Аттары аталган эки оюнчу тех футбол тарыхында калган белгилүү дарбазачылар. Экөө тең дарбазада турушат. Испаниялык Икер Касильяс да чехиялык Петр Чех да 15 жашынан  тарта жаштар курама командаларында ойноп башташкан. И. Касильяс улуттук курама үчүн 167, клубдук карьерасында 510 оюн өткөргөн оюнчу катары рекорд койгон. Учурда Португалиянын «Порту» командасында ойноп жаткан И. Касильяс жакында эле инфаркт илдетине кабылып оюндан чыгып калды. Бүгүн ал 38-жазын тосууда.
Чехиялык Петр Чех да бүгүн туулган күнүн 37-жазын тосууда. Азыр Лондондун «Арсенал» клубунда ойноодо. Чехия курамасынын дарбазасын көп жылдар бою коргоп келгендиги менен рекорд койгон. Ал башынан жаракат алгандыгына байланыштуу танкистердикиндей баш кийим кийип чыгат. Ошондуктан күйөрмандар тарабынан «Танкист» деген каймана атка ээ болгон. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.