Курс НБ на 22.09.2019 $69,8317 €77,1501

​II Европа оюндары жыйынтыкталды

Спорт
02 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
84
Беларустун борбору Минск шаарында 21-июнда башталган Европа оюндары 30-июнда жыйынтыкталды. 50 өлкөнүн өкүлдөрү 4 миңге жакын спортчу спорттун 15 түрү боюнча таймашка түшүштү. Командалык эсепте Россия курама командасы 1-орунду камсыз кылды. Алар 44 алтын, 23 күмүш жана 42 коло, жалпысынан 109 медаль жыйнашты. 2-орундагы Беларусь 69, 3-орунду камсыз кылган Украина 51 медаль жеңип алды. Италия, Голландия, Германия, Грузия, Франция, Улуу Британия, Азербайжан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди. Кийинки 3-Европа оюндары 2023-жылы Польшанын Краков шаарында өтөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу