Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

​Гүлжигит “Кайрат” клубуна келди

Спорт
28 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
193
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын мүчөсү, өткөн жылы Беларустун жогорку лигасында ойногон “Неман” (Гродно) футболдук клубунун намысын коргогон жердешибиз Гүлжигит Алыкулов мындан аркы карьерасын Казакстанда улантмай болду. Атактуу “Кайрат” клубу менен эки жылга келишим түздү (2+1) тагыраагы эки жылдан кийин келишими дагы бир жылга узаруусу мүмкүн. “Кайрат” былтыр болгону бир упай айырмасы менен  өлкө чемпиондугуна жетпей 2-орунду ээлеген команда. “Неман” Беларуста өткөн жылды 10-орун менен жыйынтыктаган. Гүлжигитке ийгилик каалайбыз! (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.