Курс НБ на 29.09.2020 $79,6000 €92,9927

Футбол-хоккей: Рекордчу Чернышёв

Спорт
16 - Март 2020
www.erkintoo.kg
155
Алгач футбол, хоккей ойноп, шайба менен ойнолчу хоккейден советтик мектептерди негиздөөчүлөрдүн бири - Аркадий Чернышёв туулган күн (16.03.1914-17.04.1992). Футболдон «Динамо» (Москва) клубунун курамында СССРдин чемпиону. Топ менен ойнолчу хоккейден да ушул «Динамо» клубунда ойногон. Шайба менен ойнолчу хоккейден Москванын «Динамо» клубунда машыктыруучу-оюнчу катары таанылган. 1946/1947-жылы СССРдин биринчи ирет өткөн биринчилигинде биринчи голдун (шайбанын) автору. Чернышёвге советтик хоккейдеги дагы бир рекорд таандык. Ал 1946-жылдан 1974-жылга чейин, 28 жыл бою «Динамо» (Москва) клубунда улук машыктыруучу болуп иштеген. Футболдон жана хоккейдин эки түрүнөн тең СССРдин чемпиону. Чернышёвдин жетекчилиги менен СССР курамасы хоккейден 11 ирет дүйнөнүн жана Европанын чемпиону, 4 жолу олимпиадалык оюндарда жеңүүчү болгон. (АЖ) 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.